Учурда Камчыбек Ташиевдин КСДП Президенттикке таптап чыгарган талапкер Сооронбай Жээнбековго ыктап кеткени коомчулукта кызуу талкууланууда. Аны айрымдар «саткын» десе, айрымдар «туура кылды» дешүүдө. Кандай кылса да, Ташиевге Мадумаров, Төрөбаев, Келдибеков үчөөнүн саясаты анчалык жакпай калса керек. Өзгөчө Мадумаровдун көз караштарына, пикирлерине куйкасы курушуп жаткан окшойбойбу. Камчыкең деле Жээнбековду жөн эле колдоп жатпаган чыгар. Ал да ортодо сүйлөшүү жүргүзүп, кызмат маселесин талкуулагандыгы каңкууланууда. Эми бул жагын убакыт көрсөтөт. Кыскасы, бул маселенин толук сыры шайлоо бүткөндөн кийин, же ага чейин деле ачыкталып калышы толук ыктымал… Негизи, Камчыке секирип жүрүп көнүп калган. Забордун секирген окуясы эле өзүнчө бир тайлык эмеспи…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here