Индиянын 40 жаштагы тургуну Рантам сарык (гепотит) оорусу менен көптөн бери ооруп келген. Акыркы 2 айды ооруканада өткөрүп, абалы начарлап баштаганда туугандары үйүнө алып кетүүнү чечишкен. Жолдо бара жатканда Ратнамдын дем алуусу начарлап, эсин жоготкон. Туугандары каза болду деген ой менен моргго алып барып калтырышкан. Моргдун кызматкерлери туугандарынын сөзүнө ишенишип, өлүктү экспертизадан  өткөзбөй муздаткычка коюшкан. Бир саат убакыт өткөндөн кийин жакындары келип сөөк-кою ырымдарын жасоого келип, каза болгон аял дем алып, кыймылдап жатканын көрүшкөн.

Ошол жерден дароо эле доктур менен кошо полиция чакырышкан. Бирок аял ооруканага жетээри менен көз жумган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here