Владивостокто өткөн экономикалык форумда Япониянын премьер министри Синдзо Абэ Япониянын дзюдо федерациясынын президентине тамашалуу кайрылуу жасады. Ал Россия президенти Владимир Путин менен Монголия президенти Баттулганы Японияга чакырып күч сынаштырсаң коомчулукка кызык болмок деди. Себеби эки өлкөнүн президенттери дзюдо боюнча кара кур наамдары бар. Монголиянын жаңы шайланып келген президенти Баттулга 1983-жылы самбо боюнча өткөн чемпионатта чемпион, 1986, 1990-жылдары вице-чемпиондукту багындырган. Ал Путин болсо 2012-жылы эл аралык дзюдо федерациясынан 8-данды алган. Мындай карап көрсөң, эки президент тең спорттук формасын жоготпой сактап келет. Чын эле Япониянын дзюдо федерациясы көпчүлүк күйөрмандарга бул беттешти уюштурса абдан эле кызыктуу болмок.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here