Саясатчылар «сасыткы» болушат деген ырас окшойт. Президенттик шайлоо жакындаган сайын саясатта достук болбой турганы далилденүүдө. Төртилтиктин бири Адахан Мадумаров Ташиевдин Сооронбай Жээнбековго иштеп кеткенин көрүппү же башынан ою бузулуп, шылтоо тааппай жүргөнбү, дароо Темир Сариев менен көз ымдашканга өттү. Сыягы, Бакыт Төрөбаевдин биридиктүү талапкер катары президенттик шайлоо чыгышын каалабай, ичи тарып жүргөнү ачыкка чыкты. Булар атайлап Бакыт мырзаны буттан чалып, аксатуу үчүн биригишип, бирдиктүү талапкер боюнча убакытты созуп, көрө албастык жасап келишкени байкалып калды. Адахан Сариевге ыктап көзүн сүзүп жаткан менен Ташиевдей болуп кууланып  «эл сатып кетти, сөзүнө турбаган чыккынчы катары көрүшөт» деп биримдиктен чыкпай, эки фронтко ойноп, эки жүздүүлүктүн туу чокусун көргөзүп жатыптыр…

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here