Президенттик шайлоого карата үгүт иштерине расмий «старт» берилген күнү эле № 1 талапкер Темир Сариев жалпы коомчулукка  өтө мазмундуу, өтө керектүү кайрылуу кылган. Анда  Темир Аргенбаевич, коомчулук шайлоодо акчалуу жана административдик ресурска таянгандарга ишенбөөгө, аларга алданып калбоого чакырган.  Бирок ал кайрылууда ким чоң акчаны, ким административдик ресурсту колдонору ачык айтылбаптыр. Айтор, ал кайрылууда бир да конкерттүү талапкердин аты айтылган эмес. Бул жагын  ар ким өз деңгээлине жараша  түшүнүп алат деңизчи. Ошондой болсо да, БШК бүгүн Темир Сариевдин ал кайрылуусунда айтылган сөздөрдү карап чыгуу маселесин карай турганын билдиришип, өздөрүнчө күпүлдөп жатканы белгилүү болду. Буга эмне себеп болууда? Кыскасы, БШКнын мындай быкшыган саясаты эч кимге түшүнкүсүз болуп турат. Деги эле, БШК Сариевдин мындай мазмундуу кайрылуусунан эмнеге мынча чоочулап жатат? Бул жерде саясат жыттанган жокпу? Сариевдин шайлоо штабы БШКдан Сариев кайсы талапкердин аброюна шек келтирип жатканы тууралуу түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Болгону, БШК күчтүү талапкерге эмитен бут тоскондой болбой, калыс шайлоону башта убада бергендей камсыздоосу шарт. Болбосо, коомчулук деле минтип жөн жерден туруп, «бөйрөктөн, шыйрак чыгаргандарды» жакшы көрбөйт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here