Президенттикке талапкер Темир Сариев бүгүн Чүйдүн Сокулук районунун миңдеген эли менен жолугушуп жатып, өлкөдөгү жумушсуздук маселесин көтөрдү. Ал өзү жумушсуздук менен күрөшө турганын, өлкөнүн ар бир жаранды татыктуу жумуш менен камсыз болуш керектигин айтты. Ошондой эле талкаланган заводдорду кайра калыбына келтирүүгө убакыт жеткенин, өзүнүн программасында  кыска убакыттын ичинде 50 миң адамга жумуш ордун түзүү жана алардын айлыгы 20-50 миңсомдон кем болбоо маселеси бар экенин кошмчалаган. Жакынкы жылдары «мигрант» деген сөздү унутууга убакыт жеткенин баса белгиледи. Чыныда ушундай болсо гана. Элибиз ылайым эле мигрант деген сөздү унутуп, ар бир жарандын айлыгы бери болгондо 20 миңден ашып турса жакшы эле болмок. Эми мунун баарын убакыт көрсөттөр…

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here