Бүгүн  15-октябрда  өтө турган Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоого карата үгүт иши расмий башталды. Эске сала кетсек, президент болуу ниети менен БШКга 59 адам арыз жазган. Бирок БШК койгон талаптарды аткара албай бир тобу ыргып кетти. Ошентип, 13 талапкер калды. Алардын бири БШКда №1 болуп катталган талапкер Темир Сариев экени элибизге белгилүү. «Ааламга кетчү жол, айылдан башталат», «Туулган жердин топурагы алтын» — деп айтылган улуу сөздү унутпаган Темир Сариев  бүгүн үгүт ишин өзүнүн туулган айылы Сокулук районундагы Төш — Булак айлынан баштап олтурат. Демек, киндик кан тамаган жердин касиети жөн касиет эмес. Баса, Төш-Булак айлына да бир нече айылда эл агылып келери айтылууда. Биз  да талапкерге татыктуу үгүт иштерин ийгиликтүү иштерин өткөрүшүн каалайбыз!

Ал эми дагы бир талапкер Сооронбай Жээнбеков үгүт ишин жердин ортосу деп кең Жумгалдын Арал деген айылынан баштап жатат.

Тилегенибиз эле элибиз бул шайлоодо жаңылбай, татыткуу талапкерди эл башына шайлап алса экен… Кимдин ким экенин деле эл билип бүттү. Бирок акча азыгырыгы чоң ролду ойноп жатканын баса белгилеп айтып коюу керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here