Сан-Жозе-дус-Кампус шаарында (Бразилия) мотоцикли менен кырсыкка учураган балага жардам берип жаткан 4 кишини катуу ылдамдык менен келе жаткан жүк ташуучу камаз сүзүп кеткен. Натыйжада 4 киши ошол жерден жан берген. Кырсыктын видеосу YouTube каналына чыккандан кийин ММК жазып чыккан. Маалыматта камаздын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткендиги, учурда ал издөөгө алынганы жазылат.
https://www.youtube.com/watch?v=8VcHMsNXvSQ