Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууга сүзүү боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган чемпионатта кыргызстандык үч спортчу байгелүү орундарды алды. Ал 6-сентябрда башталып, 8-сентябрь күнү кыргызстандык спортчулар сууда сүзүштү. Жаштар арасында сууга сүзүүнүн брасс түрү боюнча 100 метр аралыкка олимпиада оюндарынын катышуучусу кыргызстандык Денис Петрашов катышып, 1 мүнөт 2,62 секунд жыйынтыгы менен алтын медалды багындырды.
Чоңдор арасында сууга сүзүүнүн брасс түрү боюнча 50 метр аралыкка Кирилл Вайс чыгып, 28, 58 секунд убакытта келип, Кыргызстан үчүн жаңы рекорд коюп, күмүш медаль алды. Ал эми, Влад Шулико аталган турнирде 50 метр аралыкка сууга сүзүүдө күмүш байгенин ээси болду.
turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here