Чагылган: Тайландда көз боёмочулукка шектелип 32 жаштагы Джариапорн Буайай (Jariyaporn Buayai) кармалган. Ал акыркы 2 жылда 8 жолу күйөөгө тийип, калыңын алгандан кийин качып кетип жүргөн. Бул тууралуу bigpicture.ru  сайты жазып чыкты.

Джариапорн интернетте көптөн бери  сөз болуп жүргөнү менен  полиция аны жакындан бери катуу издөөгө ала башташты.

Алдамчы кыздын кылтагын түшкөн Прасарн Тиамьям интернет аркылуу Тайланддык эркектер Джариапорндан алыс болгула деп эскертүү калтырган. Прасарн бул кыз менен 2 жыл мурун үйлөнгөн, аз убакыт жашагандан кийин боюмда бар деп айтып, дагы бир нече күндөн кийин калыңдын акчасын (6 миң долларды) алып качып кеткен.

Прасарн полицияга билдирүүсү боюнча анын аялы (Джариапорн) Facebook баракчасына 2015 жылдын февраль айында достукка кошуп, таанышып, жолугушуп жүрүшкөн. Арадан 9 ай өткөндөн кийин кош бойлуу экенин айтып, үйлөнүү сунушун киргизип, алар үйлөнүшүп, деңиз жээгинде эс алышкандан 4 күн өткөн соң, аял ата-энесинин бизнесине жардам берүү үчүн күйөөсүнөн суранып кеткен боюнча кабарлашкан эмес. Прасарн аял менен көпкө чейин байланыша албай жүрүп, бир күнү байланышканда, телефонду аялнынын туугандары алып: «ал боюндагы баласынан ажырап калды, ошон үчүн байланшыты үздү баары менен» — деп анын үмүтүнө муздак суу сепкен. Анчалык жаман ойлобогон күйөөсү аялынын мындай кылыгын бир нече жылга чейин түшүнбөй жүрүп, бир күнү соцсетте анын ушундай жол менен алдамчылык кылып жүргөнү, андан сак болууга чакырык жасаган билдирүүнү окуп, анан андан биротоло үмүтүн үзгөн.

Ушундай эле билдирүүнү атын атагысы келбеген жаран дагы калтырган. Аны соц сеттен таанышкандан кийин, үйлөнүп 15 000 долларын алып кеткендигин айткан.

Жабыр тарткандардын баарын Джариапор окшош сценарийи менен алдаган. Интернеттен таанышып, жолуккан күнү эле жыныстык катнашка барып,бир нече күндөн кийин  боюнда болуп калганын айтып үйлөнгөнгө аракет кылган. Андан кийин калың алып качып кете берген.

Полиция бул кыздын ата энесин кошо издөөгө алышкан. Бирок баары из жашырып кетишип, эжесин гана табышкан. Эжеси Джариапорндон кабары жок экенин айтып, интернет, СМИ аркылуу байланышка чыгуусун суранып, ата энесине сарсана болуп жатканын айткан.

 

 

 

 

.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here