Чагылган: Кемин районундагы Орловка шаарчасында иштеген 53 жаштагы дарыгер 12 жаштагы ооруканада дарыланып жаткан өспүрүм  кызга ине сайгандан кийин аны зордуктаганга  аракет кылган деген шек менен, кылмыш иши козголду. Азырынча кылмыш иши анын аракетине жараша козголгон. Эгер зордуктаганы аныктала турган болсо, аны кылмыш жаза кодексинин 129 беренеси менен кылмыш козголо турганы айтылууда. Учурда тергөө иши жүрүп жатат. Кыз ооруканага мындан 5 күн мурун жаткырылып, эки күн өткөн соң ушундай жагымсыз окуяга каблыгандыгын туугандарына телефон аркылуу кабарлаган.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here