Темир Сариев,  саясатчы КРнын Президенттигине талапкер:

-ГЭСтерди куруу долбоору чехиялык белгисиз Liglass Trading компаниясына берилиши коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратып, абдан чуулуу окуяга айланды. Негизи эле Лигласс менен болгон кырдаал мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык абалын кыянаттык менен колдонушунун айкын көрсөткүчү.

Биринчиден, мындай чоң долбоорлор боюнча тендер жана конкурс өткөрүүнүн атайын тартиби жана эрежелери бар. Тышкы иштер министрлигинин айткандарына карабай, алардын катын эске албай, орой-одоно бузуулар менен чехиялык компанияга ГЭСтерибизди салып берип койдук. Элестеткиле, эч тажырыйбасы жок, банкрот деп саналган, интернет баракчасында мурун ишке ашырган долбоорлору тууралуу жалган маалыматтарды жайгаштырган компанияга өлкөнүн байлыгын берип салдык. Кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу болбогондо бул эмне? Жогорудагы бирөөлөрдүн долбоорду Лигласстын алышына кызыкдар экенин ачык эле көрүнүп турбайбы.

Экинчиден, алгач конкурс чакан ГЭСтер боюнча эле өтүп жаткан. Анан эле Жогорку Нарын каскады ГЭСтеринин долбоорун да чехтер алып кетти.

Эгер чехиялык компания акча каражаттарын которбосо эч жоготуу деле болбойт деген жалган! Өлкөнүн аброюна, жалпы бул долбоорго кандай сокку болоорун түшүнбөй жатышабы? Чехияда эки айдан бери бул тема гезит беттеринен түшпөй жатат, коопсуздук кызматтары иликтөө жүргүзө башташты. Чын эле эч бир жоготуу болбойт деп ойлоп жатышабы? Эми бул долбоорлорго инвесторлорду кантип тартабыз? Жалпы эле өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизет. Жогорку кызматта отургандар чечимдерин бир аз ойлонуп кабыл алышпайбы — азыркы дүйнөдө инвестициялык чечимдер кантип кабыл алынат дегенден эч бир түшүнүгү жоктой.

Биздин укук коргоо органдары бул фактылар боюнча ыкчам түрдө иликтөө башташы керек деп ойлойм. Бул маселени так ушундай болуп чечилишине кызыкдар болгон, лобби кылган адамдарды аныктап чыгышыбыз керек. Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, бүгүн болбосо эртең күнөөкөрлөр сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here