Каржы минитсри ушул жылдын башынан бери министрликтин жалпы чыгымдарына  333 млн 807,41 миң сом коротту. . Бул маалымат «Ачык бюджет» порталынан белгилүү болду. Бул олчойгон сумманын негизги көп кеткен жагы- айлык-маяна болуп эсептелет. Ага 212,7 млн. сом кеткен. Ал эми командировкага 8, 5 млн. сомго жакын акча корогон. Кыскасы, «май кармаган» бармагын жалайт дегендей, бул министрлик башка бардык министрликтерге салыштырмалуу каражатты эң көп коротуп, коомчулук тарабынан катуу сынга кабылып келет. Буга чейин кызматкерлердин түшкү тамагына, компьютерлерине, бассейнге да олчойгон каражат бөлүнүп, элдин кыжыры келип, бир топ сын-пикир, ал  тургай каргыш да айтылган болчу. Бирок ал сөздөрдү министрлик да, өкмөт да кулагынын сыртынан кетирип койгон.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here