Алматы шаарында жаш эне менен чогуу жашаган 27 жаштагы жигит  8 жаштагы кызды зордуктап салган деген шек менен кармалды. Ал өспүрүм кыздын энеси менен бирге жашачу. Ошол күнү аял арак алып келүү үчүн дүкөнгө чыгып кеткен кезде, үйдөгү кызды баса калган деп айтылат. Анын мындай акмакчылыгын кошуналары да билип калып, ызы-чуу чыккан. Бирок энеси чогу жашаган зөөкүрдөн бул кылыгы үчүн үйүн оңдоп- түзөтүп алууну талап кылган. Ал бул сунушка макул болсо, кызын зордуктагын үчүн полицияга арыз жазбай турганын билдирген. «Аңги»  эненин бул сунушуна макул болгон. Бирок бул окуя полицияга жетип, зөөкүрдү кармап кеткен. Учурда экспертиза болуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул чуулгандуу окуяны казак ЖМКлары байма-бай жазышууда…

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here