Кече жакында эле Казакстандын Астана шаарында өткөн Көкбөрү боюнча дүйнөлүк биринчиликте Кыргызстандын командасы казак баурларга утулуп, экинчи орунду ээлеп калганы коомчулукка катуу талкууга алынган. Албетте, эгерде кыргыз көкбөрүчүлөрүнүн дараметине ишеним аз болгондо мынчалык катуу талкуу жаралбайт эле. Элибиздин күткөн ишеними боюнча кыргыз көкбөрүчүлөрү казак көкбөрүчүлөрүн бери дегенде 10:2 менен чаңында калтырат болчу.
 Бирок, жыйынтык кандай болгонун көрдүк. «Жел жүрбөсө, чөптүн башы ыргалбайт» демекчи, ушул жеңилүү ызаасын эмнеден улам тартып калганыбыздын себептери бат эле коомчулукка билине баштады. Айрым маалыматтарга караганда парламенттеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери, президенттикке талапкер болуп аткан Өмүрбек Бабанов ошол оюн болорго бир күн калганда Астанага барып, кыргыз көкбөрүчүлөрү менен да, ошол эле убакта казак олигархтары менен да жолугушуп кайткан. Муну тастыктаган сүрөттөр интернет булактарында жарыяланган. Ошондо «Граф» каймана атындагы казак миллиардери Алиджан Ибрагимов менен жолугушуп, «чайлашып», «Биздин көкбөрүчүлөр силерге утулуп берет» деген убаданы берип кайткан дешет. Эгерде Бабанов чындап эле кыргыз спортчуларын колдогону барганда, анда эртеси күнү оюндун жүрүшүн да калтырбай көрөт эле да?
Ошентип ал Кыргызстандын командасындагы алты таластык жигиттерди алдап-соолап акчага сатып алганы тууралуу маалымат кеңири тарады. Бирок, кызыгы муну Өмүрбек Токтогулович өзү да, анын штабы да төгүнгө чыгарган жок. Демек, «унчукпагандык – макул дегендик» деп түшүнө берсек болот.
 Эми мына ушул божомолдордун көбүрөөк чындыкка жакын экендигин тастыктаган дагы бир маалымат айтыла баштады. «Граф» Алиджан Ибрагимов жакында эле Кыргызстанга келип, учурда Ысык-Көл жээгинде эс алып жүрүптүр. Ал эми анын жанында Өмүрбек Бабанов коштоп жүргөнүн көргөндөр өздөрү айтышты. Демек, ал казак олигархына: «Мен убадамды аткардым, биздин көкбөрүчүлөр силерге утулуп берди, эми сиз да убадаңызды аткарыңыз» деп атабы деген шектүү суроо жаралбай коебу? Ушул күнгө чейин шайлоолордо деги эле өзүнүн акчасын коротпогон Бабанов бул ирет президенттик шайлоодо Ибрагимовдун акчасын пайдаланганы турганы ушул эмеспи? Олигархтар деле акчаны жөн эле бере бербейт. «Бермейдин алмайы бар» да… Ошондо Бабанов ага дагы эмнени убада кылат болду экен? Эртеӊки күнү Кыргызстаныбызды элибиз менен кошуп казак олигархтарына «тартуулап» жибербейби, ыя? «Сатармандан» баарын күтсѳ болот эмеспи…
Булак: Заноза медиа.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here