Жол кырсыгы  таңга маал саат 04.27де болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы бидирген.  Балыкчы — Каракол унаа жолунун 112-чакырымында Lexus RX300 унаасы жол кырсыгына учурап күйүп кетип, андагы төрт адам каза болгон.

«Машина жолдон чыгып, оодарылып, андан соң күйүп кеткен. Жерине барган ӨКМ кызматкерлери өрттү саат 05:30да толугу менен өчүрүштү», — деп айтылат билдирүүдө.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here