Маалым болгондой, ал Азиянын эки жолку чемпиону гана болбостон, жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Айпери Медет кызынын жеке машыктыруучусу болууга да жетишти. Кыргызстандык балбан кыз Айпери Финляндиянын Тампер шаарында ушул жылдын август айында өткөн дүйнө чемпионатында 72 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашып, алтын медалды багындырган.
10-августта мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага жана Айпери Медет кызына ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
А.Тыныбекова социалдык түйүнүндөгү баракчасына «машыктыруучу катары алгачкы сыйлыгымды алдым. Спортчунун ийгилиги чоң жамааттын жасаган ишинен көз каранды. Бул албетте, каржылоо маселесин чечүү, медициналык көзөмөл, туура тамактануу, системалык машыгуу, каталардын үстүнөн иштөө, жакындарыңдын моралдык колдоосу жана күйөрмандарыңдын сүйүүсү», — деп жарыялады.
turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here