«Төкмө акыныбыз Идриске Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн жапжаңы «Мalibu» автоунаасы менен Өзбекстандан бир үй белек кылыптыр! Бул жаңылыкты Андижан облусунун хокими Шухрат Абдурахмонов бүгүн чек ара постунун ачылышында айтып өттү. Идирис ажым, өткөндө Андижанда «Янги Малибу билан юрарман» деп ырдадың эле, Аллахым өзү минтип эле берип коет. Кут болсун жорго менен жаңы конуш!», — деп фб колдонуучусу Талант Канатбек уулу  өз баракчасына бөлүшкөн

Эскерте кетсек, кечээ, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы конокторго арналган концертте Идрис Айитбаевдин ырынан соң Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ордунан туруп бир топко чейин кол чаап: «Андижанда «Малибу» минсем» деген ырыңды уктум балам. «Малибуга» кошуп Андижандан квартира да берейин»,- деп элдин алдында убада берген.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here