Оорукананын ичиндеги камера келиндин акыркы мүнөттөрүн тартып калган, ошондон кийин ал палатага кирип жанын кыйган. Маалымат тууралуу Metro бсылмасы жазып чыкты.

Окуя Кытайда болгон. Ма аттуу кош бойлуу келин доктурлардан кесарева жолу менен баланы төрөтүп алууну суранган. Анткени баланын башы чоң экенин уккан эне операциясыз төрөөдөн аябай коркуп калган. Мыйзам боюнча операцияга туугандарынын колу коюлуш керек болгон. Бирок ата энеси кол койбой, хирургиялык жол менен төрөшүнө каршы болуп койгон. Андан кийин дагы 2 жолу палатадан чыгып, жакындарынан руксат берүүсүн суранган. Бирок, бир нече саат өткөндөн кийин келин ооруга чыдабай, палатадан өз жанын кыйган. Ичиндеги 41 жумалык бала дагы чарчап калган.

 

https://www.youtube.com/watch?time_continue=84&v=85xpcOxN-wY

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here