Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатта коло тагынды.
Маалым болгондой, 5-сентябрда А.Талантбеков грек-рим күрөшү боюнча 76 кг салмактагылар арасында күчүн сынады. Ал катары менен 3 беттешти, тактап айтканда Эстония, Түркия, Украинанын балбандарын жыгып, жарым финалга чыккан. Бирок Акылбек аталган финалда ирандык балбанга жеңилип, 6-сентябрда коло медаль үчүн Финляндиянын спортчусу Отто Еемели Кетонен менен беттешти. Мелдештин жыйынтыгында Талантбеков 6:1 эсеби менен атаандашын утуп, 3-орунга ээ болду.
Өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионаттагы бул медаль грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы үчүн алгачкы байге болуп калды.
.Булак:turmush.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here