Ассалому алейкум
(бөлүшүп коюңуз колдон келсе)

Урматтуу менин кубанычыма менден ашып кубанып жаткан Аллах сүйгөн асыл инсандар-туугандарым жана боордошторум, баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Сыйлык меники болгон менен сыймык ЭЛДИКИ БОЛОТ. Анткени бизди эл гана даңазалап турат. Алынган белектерге себепчи болгондун баарына Аллах Таалам ыраазы болсун.

Президентибиз урматтуу Алмаз Шаршеновичтин мага болгон ыраазычылыгын жана ошол жердеги кубанычын көрүп башым асманга жетти. Бооруна кысып «ата-энеңе рахмат, бизди аябай кубанттың» — дегени алигиче кулагыман кетпей жаңырып турат…

Ошол эле учурда коңшу өлкөнүн президенти урматтуу Шавкат Мирамановичтин ордунан тура калып жардамчыларына мен үчүн белек кылып бир УНАА жана АНДИЖАНДАН БИР ҮЙ берилсин деген тапшырмасы өмүрү эл алдында толкундабаган денемди калтырата салды. Ал учурдагы кубанычты тажрыйбасыз акындык өнөр менен да сүрөттөп бере албайм…

Албетте бир эле ырга белек берди, бирок мен ал жерде элдин дардын айтып көз алдына ошол элдин арманын ыр менен чагылтырганга аракет кылдым. Эки элдин жана өзгөчө коңшу өлкөлөрдүн достугуна жакшылап көңүл буруу абдан маанилүү экендигин даңазалап ырдадым…

белек берсе бул алардын жоомарттыгы жана берешендиги. Сиздин чөнтөгүңүздөн чыкпагандан кийин чычалабай жөн эле коюң бир тууганым…

АЙТЫШТАГЫ 3-ОРУН

Маданияттын уюткусу болгон Саламат Садыкова эжекеме же Айтыш фондун негиздеген кыргыздын бактысына төрөлгөн кыраан Манас тукуму Садык Шер агама же калыстардын дагы бир мүчөсү Касаболотов жана Мирлан Самыйкожо мырзаларга карата ТУУРА ЭМЕС ПИКИРЛЕРДИ АЙТЫП ЖАТКАНДАРГА КАЙРЫЛАМ.

УРМАТТУУ КАЛАЙЫК КАЛКЫМ, мен эч кимге 3-ОРУН үчүн арызданган жокмун. Тескерисинче ыраазы болдум. Мага ошол жерде 8 ордуна 2 койсо да ыраазы болмокмун. Айрыкча балалыгыман бери сыйлап келген эжекемди жамандабаныздар сураныч.

КАРА ПИАР КЫЛЫП ЖАТКАНДАРГА

Эмгектин ардагери Адилет Учкунбаев Төлөйкөн айылынын тургуну же каганат. Кж. Сайтынын жамааты  БАКАНЫ АЛТЫНДАН ТАККА ОТУРГУЗСАҢ ДА БАЛЧЫКТЫ КӨРСӨ СЕКИРИП ТҮШӨТ деген кеп бар. КАЙСЫ ЭМГЕКТИН АРДАГЕРИ БОЛСОҢ ДА АЛЛАХ СЕНИН ПИКИРИҢДИ ТУУРАЛАСЫН, АЛ ЭМИ КАГАНАТ КЖ. САЙТЫНЫН ЖАМААТЫ КОЛУҢА КЕЛГЕН ДАЛИЛИ ЖОК УЙДУРМА, УШАК ЖЕ КООМЧУЛУКТУ БЫТЫРАНДЫЛЫККА АЛЫП КЕЛЕ ТУРГАН МАКАЛАЛАРДЫ ЧЫГАРУУДАН САК БОЛГУЛА, КЫЯМАТТА ТОЗОКТУН ОТУНАН КОРККУЛА.

Роббишрохли содри ва яссирли амрии вахлул укудатам миллисаани яскоху ковлиии, омин…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here