БШК президенттикке талапкер  катары тиешелүү кол топтой албагандардын атын атады. Алардын катарына: экс-министр Камила Шаршакеева, бей өкмөтчү Рита Карасартова, Султан Раевдин күйөө баласы, экономист Кубан Чороев, элди тажаткыр, саясатчы чалыш Турсунбек Акун жана эч ким деле тааныбаган Талгатбек Кожогулов бар. Ошол эле учурда эл ичинде аброю аз болсо да Арсланбек Малиев, Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаевдердин  топтогон кол тамгалары 30 миңден ашып, жарактуу болуп чыкты. Кыскасы, алар бул жагынан уят болушкан жок. Айтарыбыз, 30 миң колдуу талапка ылайык чогулат албагандар ажо болуу амбициясын башында эле тыйыш керек болчу, минтип элге-журтка шерменде болбой…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here