Жаш кыздар арасында кыздык саткан өзүнчө эле модага айланып бараткандай. Бул көрүнүш Европада башталып, кадыресе адатка айланып эле калбастан, башка өлкөлөргө да «вирустай» тарап бараткансыйт. Жакында эле Сидней шаарынын тургуну кыздыгын 250 миң долларга баалап, аны сатууга 7 шарт койгонун жазганбыз. Эми бул «бизнес» мурунку поссоветтик өлкөлөргө да жетиптир. Айтсак, Украинанын Мелитополя деген шаарында жашоочу 18 жаштагы Юлия аттуу кыз акчага муктаж болуп жаткандыгын айтып, өзүнүн кыздыгын 50 миң гривенге (110 миң рубль) сата турганын жар салды. Бул туралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал өзүнүн кыз экенин кардардын каалоосундагы медициналык мекемеге текшертүүгө даяр экенин жана буга чейин жигиттери болгону менен абийирин сактагандыгын, барыбир бир күнү абийиринен ажырай турган күн келерин, ошол күн  арак аралашкан түнкү клубда болуп калышы мүмкүдүгүн айткан. Эмнеси болсо да кыздарыбызга ыйман берсе экен…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here