Окуя Японияда 4-сентябрь түнү эки аралдын ортосундагы Ирабу көпүрөсүндө болгон.

Жигит көпүрөнүн эң бийик жерине чейин машина менен барып, ошол жерден сүйгөн кызынын колун сураган. Кыздын макулдугун уккан япониялык жигит сүйүнгөнүнөн тосмонун үстүнө чыга калып, кармаганга жетишпей сууга кулап түшкөн.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда жигит мас абалында болгон. Кыз дароо эле полицияга чалып кабар берген. Эртеси эртең менен жигиттин жансыз денесин табышкан. Ошол кезде кыздан башка эч ким болбогондуктан, күбө катары жалгыз жооп берип жатат. Жергиликтүү телеканал бул окуянын анимациялык түрүн репортаж кылып тартышкан.

https://www.youtube.com/watch?v=SqNlmbWTji8

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here