Эгемендүүлүк күнүнө карата ажо Алмазбек Атамбаев ар кыл тармак боюнча 150 инсанга жана 50дөй ар кандай мекемелерге эл алдында сиңирген эмгектерине жараша мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча жарлыкка кол койду. Алардын арасында сыйлыкка татыктуулары арбын, бирок ошол эле учурда татыксыздар да кандайдыр бир жолдор менен илешип калганы коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Өзгөчө,  бир аз жыл мурун чоң сахнага келип, жеңил-желпи,  “жүгөрү, тико” деп ырдап жүргөн Гүлжигит Сатыбековдун, акчанын күчүнө таянган Самара Каримованын “КРнын Эмгек сиңирген артисти”  наамын алышы көпчүлүктүн кыжырына тийди. Себеби,булардын атасындай, энесиндей болгон, бери жагы чоң сахнада, эл кызматында 20-30 жылдан бери тынбай ырдап жүрүшкөн бир топ ырчылар мындай наамдарга жетпей келишет. Андыктан, сыйлык, наамдын баркы ушинтип кетип жатпайбы. Ошол бешиктен белдери эми чыгып эле  “Эмгек сиңирген артист” наамын алып жаткан “жашабагыр” ырчылар мындай чоң наамдарды алгандан уялып, баш тартып коюшса, өздөрүнүн эле кадыр-барктары көтөрүлүп, элди ыраазы кылышмак. Тилекке каршы, наамга жутунгандарда андай изги түшүнүк жок экен да…

Булак: Багыт

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here