Кыргыз улуттук банкынын жетекчиси болуп Кубанычбек Кулматов дайындалды. Бул тууралуу булактарга шилтеме берүү менен Tazabek басылмасы жарыялады. Буга чейин ал Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келген.
К.Кулматов Бишкек шаарында 1963-жылы төрөлгөн. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматында эмгектенип, Чүй облусунун жетекчиси, президенттин кеңешчиси жана Бишкек шаарынын мэри болгон
Улуттук банктын мурунку жетекчиси Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган болчу.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here