Кыргыздын “Манаска” күйгөн мекенчил жигити Самат Ибраев өз каражатына кыргыз элинин сыймыгы, улуу манасчы Саякбай Каралаев тууралуу “Саякбай” деген аталыштагы тарыхый-көркөм кинону белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапровго тарттырды. Абдыжапаров да аталган кинону кемелине келтире тарткан экен,  чу дегенде эле “Саякбай” Канада да өткөн Эл аралык абройлуу Монреал кинофестивалынын «Мыкты инновациялар үчүн» категориясында «Алтын Зенит» сыйлыгын утуп алды. Кино кыргыз элине 7-сентябрдан тарта Кыргызстандагы  бардык кино театрлардан көрсөтүлө баштайт. Бирок Манас жана Саякбай маселесинде бир маселени айта кетишибиз керек. Саякбайды Гомерге теңеп, салыштырып, ошого салыштыргандар да көп. Бул такыр туура эмес.  Гомериңер Саякбайдын алдында шоона эшпей калат. Сакем сакадай бою сары алтын боюна “Манастын” бери жагы жарым миллиондон ашуун сапты сиңирип, аны эч токтобой жатка айта билген. Ал эми Гомердин “Илиадасы” менен Манастын көлөмүн салыштыруу – бул бери болгондо маңкуртчулук.  Андыктан Саякбайды, Манасты кичинекей Гоммерге, “Илиада”, “Одиссейге” теңебегиле. Биз анытеңесек, Саякбайдын, Манастын деңгээлин түшүрүп, алардын аброюна шек келтирген болуп жатабыз. Ушул маселени манасчылар, манасты изилдөөчүлөр дайы айтып, коомчулукка жеткирүүсү зарыл. Муну маданият ишмерлери эле эмес, ар бир кыргыз билүүсү зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here