Өкмөт башчы Сапар Исаков ишти катуу баштады. Алгач башкалар сыяктуу эле өзүнө ишенимдүү, иштин көзүн билгендерди өз командасына топтоп жатат. Алар жөнөкөй адамдар эмес. Маселен, Талант Султанов дегенди өзүнө кеңешчи кылып дайындады. Султанов 39 жашта.  Гарвард университетинин профессионалдык билим берүү программасынын бүтүрүүчүсү (2016), финансы тармагы боюнча Колумбия университетинин магистрдин даражасын аяктаган (2006), жана Сан-Франциско университетинин бакалавр даражасын (1999) артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Билим жагынан кеп жок. Ал  «Таза Коом» программасы боюнча жумушчу топтун координатору. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун директору жана Борбор Азиядагы Америка университетинин финансы тармагы боюнча вице-президенти болуп иштеген. Мындан тышкары,  Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу штабында жана Алматыдагы Борбор Азиялык кеңсесинде да эмгектенген. Ошондой эле жаңы өкмөт башчы Эсенгул Момуналиевди да өзүнө кеңешчи кылды. Ал да 39 жашта. Билимди Германиянын Гейдельбергск окуу жайынан алган. Эмгек жолун АКШнын Миннесот  универистетинен баштаган. Акыркы жылдары өкмөттө бөлүм башчы, өкмөттүн аппарат жетекчисине кеңешчи болуп иштеп келген.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here