Анткен менен Алмазбек Атамбаев сыйлыктарды, наамдарды  кыргызча эле жакшы таратып келди. Аябай берешен экен.

Көп нерсенин баасы болбойт. Бизде сыйлык да көбөйүп турат. Ал эми ошол сыйлыктарды алгандар толуп, коомубузга батпай да баратат. Демек, сыйлык-наамдардын да баркы кетти, аны алгандардын да баркы кетти. Мен мунун кычаштык кылып айтып жаткан жокмун, болуп-толуп турган көрүнүштү гана эске салып турганым.

Бу наам менен сыйлыктын алдыңкы аренага чыгып, турмуштагы эң маанилүү нерселерден болуп калгандыгына социализм системасы күнөөлүү болуп калды окшойт. Адамдарды жакшы эмгектенгенге, изденгенге, жаңылыктарды ачканга ж.б. шыктандырабыз деп ойлонулган наам менен сыйлыктар деген деп эби менен болуп, анын кийин эле эпсиз батпай кетти. Мурда жалпы мыкты делгендер кийин тарам-тарамга бөлүнүп шахтер, медик, мугалим, инженер, ветеринар, мадинят ишмери болуп бөлүнүп мыкты болду. Айталы, «эмгек сиңирген медик», «эмгек сиңирген мугалим» ж.б. Анан элдик дегендер кетти, «эл мугалими», «эл акыны»… Орден, медалдын толгон түрү пайда болду… Эми бул тарап оголе узун кеп…

Биздин кийинки турмушта соцзамандагы бир катар орден медалдар жок болгону менен жаңысы жамырап берди: «Манас» орденинин 3 даражасы, «Данакер» ордени, «Эрдик» медалы…

Булардан сырткары «Ардак Грамоталар» бар, «Мактоо баракчалары» бар… Иши кылып сыйлык, наам, Грамота дегендерден баш адашат, аны алгандар акыл-эси толук элдин туура жарымын түзүп калды го…

Башка улуттарда кандай экенин билбейт экемин, биздин улутта болсо, сыйлык, наамдарды кууп жүрүп алышат, суранып, тиленип, ак уруп жүрүп алышат, бере тургандардын өзүнөн, бала-чакасынан, туугандарынан… айланып, бара берип, пара берип, тигисин жасап, мунусун жасап… анан алышат. Эмне сыйлык алган, наам алган адамдарга кандайдыр бир мыкты касиет пайда болоду? Оң адам болсо, оң боюнча, келесоосу келесоо боюнча, шылууну шылуун боюнча, коррупционер коррупционер боюнча…  Баа, коррупционериң ого бетер кутурат, анткени, тигинтип сыйлап жатса…

Автор: Баратбай Аракеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here