Чагылган: Убагында карьера деп жүрүп  үй-бүлө курганга убактысы жана каалоосу жок болгон Астана шаарынын 32 жаштагы Айжан (аты өзгөртүлгөн) аттуу тургуну «NewTimes.kz»  сайтына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:

«Баардык эле кыздар үй — бүлө куруп, балалуу болгусу келет. Мен деле жигиттер менен жолукканмын, бирок, эч кимиси менен үй- бүлө курганга жеткен жокмун. Убакытты кетирбей балалуу болуп алайын дегем. Келечектеги баламдын атасынан боюма бүтүрсөм эле болду, баламдын келечеги, тамак — ашы, баардык милдети өз мойнумда. Жакында мен таанышыма ушул сунушту айттым. Анын аялы, балдары бар. Жашы 35те. Мага болгону бала төрөтүп бере турган эркек  керек. Мен үй-бүлөсү бар адамдан балалуу болгум келет. Андай эркектер таза жана төшөк маселесинде да тажрыйбалуу болушат «-деп бардык талабын ачык айткан. Мындай шумдук жорук, буга чейин жок эле. Болсо да, жашыруун болуп келген. Эми минтип ачыкка чыгып жатканы жакшы көрүнүш эмес. Андай кыздар Казакстанда деле эмес, Кыргызстанда деле бар. Деги эле, балалуу болуу, үй-бүлө күтүү маселеси өз орду, өз талабы менен орундалган жакшы эмеспи. Аял кишинин бар бактысы — балада экени талашсыз. Андыктан кыз киши  турмушка чыгып, бала төрөп бакытка балкууну эч качан артык маселеге калтырбашы керек…

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here