Рыспайдын Алмашы Ысык-Көлдүн Жан-Булак айылында жашайт…

Кыргыз музыка дүйнөсүнө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун «Алмашым” аттуу ыры кимге жазылган? Чын эле, Алмаш деген кыз болгонбу, болсо ал кандай неме болду экен, ыр кандайча жазылган? Мына ушундай суроолор Рыспайдын чыгармачылыгына кызыккан ар бир кишиде болушу мүмкүн. Бүгүн мен ошол Рыспай жазып, ырдаган “Алмашым” деген ырдын каарманы бар экенин угуп, ошол адамга жолукканымды баяндап берем. Ал Рыспай мекендеген Ош кылаасында эмес, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Жон-Булак деген айылда экен. Аты Алмаш Төлөмбекова.

Жашы өтсө дагы бажырайган көзүнөн сулуулугу кетпеген, токтоо сүйлөп, назик кыймылдаган байбичени көрүп, жаш кезинде сулуу кыз болсо керек деп ойлоп койдум. Эмнеге келгеним жөнүндө билген соң, “Эми ал жаш кез эле” деп алгач сүйлөөгө чечилбей турган байбиче улам өткөндү  эскерип олтуруп, бардык сырын төгүп берди.   “Биздин балалык, жаштык кез советтер союзунун учурунда өттү  да. Ал кезде эл ичинен чыккан таланттарды тандап, майрамдарда концерттер уюшулчу. Мен өзүм Ош облусунун Өзгөн районундагы Шоро-Башат деген айылдан элем. Үнүм жакшы болгон үчүн 7-8- класста окуп жүргөндө эле чыгармачыл адамдар менен аралашып калдым. Ошол учурда Жалал-Абад шаардык маданият үйүндө артисттери жок, директору эле бар болчу. Директору Рыспай Абдыкадыров агай болчу. Биздин айыл Жалал-Абадга жакын болгон үчүн ошол жерге барып ырдап жүрдүм. Кичинемде үнүм жакшы, чыйрак кыз болсом керек. Ошентип, мени Рыспай агай бала кезимен билип калды. Агамдай көрөр элем. Кээде “Чоңойсо татынакай кыз болот. Бото көз карындашым” деп эркелетип койчу.

Кийин мен Жалал-Абад медициналык окуу жайында окуп жүргөндө да өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катыштым. Ошол маалда Эрмек Каримов деген аккардеончу жигит бар эле, педучилищадан менин классташым Эрмек Садыков деген акын, куудул, сатирик бар болчу. Медучилищадан мен, Давлет деген кыз (Рыспай Абдыкадыровдун жубайы) экөөбүз барат элек. Таланттар жакын болот тура, менин классташым Эрмек Рыспай агай менен жакшы болчу. Ал учурда Рыспай агай Оштогу педгогикалык институтта окуду. Ошондо Жалал-Абадга барып калчу. Анда ал үй-бүлөлүү  экен. Боюнда бар аялын ээрчитип келип калганын көргөм. Кезиккенде учурашып, ал-абал сурашып калар элек.

Бир жолу каникул убагында кеч киргенде, үйдө короодо тамеки жалбырагын тизип олтурсам, атам бирөөлөрдү  ээрчитип келе жатат. Карасам, Рыспай агай менен классташым Эрмек экен. Атам: “Тамеки тизчү  кишилерди адып келе жатам. Короого башын салып үйдү  карап жатышыптыр. Гүл уурдаганы келдик дейт. Тамеки тизип, гүл алгыла деп алып келдим”,- деди. Күлүп калдык. Биз бир топко сүйлөшүп олтурдук. Рыспай агай “Эрмек, сен шашпай тиз, тамекини тизип бүтсөк, Алмаш бизди кетирип жиберет” деп тамашалап олтурду. Эрмекке келип, анан мага жолугалы дешсе керек.

Чындыгында, мага ашык болгондор Эрмек менен жакшы мамиледе болууга аракет кылышчу. Экөөбүз классташ, анан да, ал таякемдин баласы болчу. Экөөбүз мектепте дагы, студент кезде да чогуу жүрдүк. Сонун ырлары бар эле.

Кийин мен студенттик кезде пахтада иштеп жүрсөм да, Рыспай агай Эрмектен менин кайда экенимди сурап, аны ээрчитип пахта талаага келиптир. Эрмек менен андан кийин да келип жүрдү . Келгенде, олтуруп алып ар нерселерди сүйлөшүп, ырдачубуз. Болгону ошол. Ал мага сүйүүсүн деле арнаган жок. Агамдай көрчүмүн. Бирок, бир жолу кураторум “Сени бир жигит менен сүйлөшөт деп угуп жатам. Жигитиңдин аялы бар дейт. Билинип калса, окуудан чыгарылып кетпе. Сени окуйт деп жүрсө…”, деп урушту. Рыспай мага сүйөм дебесе да, кыздардан өзгөчөрөк мамиле жасап калат эле. Көрсө, мени менен Рыспай “сүйлөшөт” деген сөз чыгып кетиптир. Коркуп калдым. Ошентип, 3- курстан баштап Рыспай агайдан качып калдым. Ал медучилищага келгенде андан жашынып, жолукпаганга аракет кылдым. Өзү  деле жалгыздап келчү  эмес, балдар менен келчү . Ар түрдүү  иш-чараларда концерттерге даярданабыз деп чакырышса, мамлекеттик практикага чыгам деп шылтоолоп барбай калдым.

Бир жолу ой-боюма койбой, кайсы бир майрамда сабактан бошотушту. Сыртка чыксам, Эрмек, Рыспай агай болуп залда туруптур.  Чогуу парк аркылуу маданият үйүнө жөнөдүк. Паркта селкинчектер бар эле. Анын жанына келгенде, Рыспай агай мени так көтөрүп, селкинчекке олтургузду да, өзү  жапыз тосмолордон секирип өтүп чуркап кетти. Шамдагай, жеңил киши эле. Сүрөтчү  алып келгени жатабы деп коём. Карап турсам, жолдун ары жагында багбанга барды. Чоктой кызыл роза алып чуркап келди да, чачыма кыстарып: “Гүл да гүл. Сен да гүлсүң. Мен гүлдөрдү  сага окшотуп жакшы көрөм”,- деп бооруна кысып койду. Уялып кетип: “Агай, антпеңизчи. Мен сизден уялам”,- дедим. Ал “Сен мени түшүнбөдүң го” деп койду. Мен жооп берген жокмун. Оюмда баягы “Аялы бар неме менен сүйлөшөт экенсиң” деген сөз турат. Ошол концерттерден кийин мен чыгармачылыктан алыстап кеттим.

Бир күнү  эртеңменен кетип баратсам, зым карагайдын башындагы репродуктордон “Алмашым” деген ырды Рыспай аткарып жатыптыр. Нес болуп калдым. Ууру кылгандай, аны бүтүн журт билип калгандай жаман болдум. Сабакка барсам, кыздар “Ыр сага арналган го” дешет. Дагы бири “Уктуңбу, сени ырдады” дейт. Мен болсо, “Менден башка Алмаш жок бекен” дейм. Группалаштарым “Пахтада жүргөндө Рыспай сага келчү эмес беле” деп чычалатышат. Ошондон көп өтпөй эле окууну аяктадык. Мен жолдомо менен Ташкөмүргө иштеп кетип калдым. Айылга келсем, Эрмек: “Сен баласы бар деп качып жүрүп Рыспай Давлетке үйлөнүп алды” деди. Андан мурда мага Эрмек ал аялы менен жакшы болбой жүргөнүн айтса, ишенбей койгом. Көрсө, ошол учурда ажырашып жүрүптүр. “Ырас болуптур, үйлөнсө” дедим. Бирок, ичим уйу- туйгу боло түштү . Калп айткан менен болобу, ошол учурда Рыспай агай жөнүндө ар түрдүү  сөздөрдү  угуп калчумун. Ал кезде Рыспайды жактырган кыздар да көп эле. Эрмек болсо, “Көп кыздар аны жакшы көрүшөт. Анын көңүлү  сенде” дей берчү .

Мен медициналык окуу жайды аяктагандан кийин менин колумду сурап келишип, бир жигитке кудалап койду. Ал аскердик кызмат өтөп келип, политехникалык окуу жайда архитектура факультетинде окуйт экен. Ата-энемдин сөзүнөн чыкпай макул болдум. Бирок, нике буюрган жок. Тойго бир күн калганда, мени алып качып кетишти.

Ошол учурда Бейше Жапаров деген көлдүк киши Өзгөн райкомунун биринчи секретары болуп иштечү. Шаршекеев деген көлдүк киши прокурор, Бостериев деген автобазанын башчысы эле. Менин Жолдошум ошол Бостериевдин айдоочусу экен. Мени сыртыман көрүп жүрүп, алып кетмек болушат. Мен 5-күнү  жумуштан чыкканда, алып качып кетишти. Жолдошумдун Ташкөмүрдө бир тууган эже-жездеси бар экен. Ата-энем деп тааныштырды.

Ал эми, мага сөйкө салган тарап тойго деген камылгаларын алып келсе, мен жокмун. Атам “Алып келгендериңерди түшүрбөй кое тургула, адегенде кызды табалы. Кыз жумушка кеткен боюнча жок” деп, ата-энем, туугандарым, куда -сөөгү  болуп идебеген жери калбаптыр. 7-8 күндө араң кабар беришиптир. Көрсө, жолдошумдун эже-жездеси ата-энемдин алдына баралы деп, айылга барган менен, чочулап, айта албай кайра кетишиптир. Ошентип, бир жумадан кийин гана айтышып, ата-энем “кызыбыз тирүү  болсо болду, багы ачылсын” деп моюн сунушат.

Жолдошум Жолдошбектин айтуусу боюнча, бир жолу айдоочулар сүйлөшүп олтурса, радиодон “Алмашым” жаңырып калат. Анан бири “Ушу Алмашым кандай неме болдук экен?” дептир. Ошондо мени билген бир жигит “Алмаш бул жерде иштейт, өтө сулуу кыз” деп айтыптыр. 4-5 жигит атайлап мени көрүш үчүн ооруканага барыптыр. Жолдошум: “Ак халатчан келе жатыпсың. Сага баарыбыздын көзүбүз түштү. Бир жыл кайтарганбыз” деп айтып калар эле.

Биз көлдө айылда турган менен, Караколго барып-келип иштедик. Жолдошум автобазада, мен ооруканада. Ары-бери караганча бала бакыралуу болдук. Мен төркүлөп түштүккө барганда, көпкө чейин кайтарып, Өзгөнгө барган жокмун. Ал кезде кыз качып кетти деген уят эле. 1997-жылы жүрөгүм оорулуу болуп, майыптык алып, пенсияга чыктым.  Кандай болгон күндө да, мен азыр бактылуумун, балдарым менен бактылуумун. Жолдошум менен 4 уулдуу болдук. Келин көрүп, небере жыттадым. Бирок, кийинки кезге чейин ооруп калганда Рыспай агай түшүмө кирчү. Өзүм таң калар элем. Арбагында колдоп жаткандыр деп коём. “Алмашымды” мага арнаган деп так кесе айта албайм, ал кимге арналганын кайдан билейин. Бирок, менде “Алмашымдын” Рыспай агай өз колу менен жазган толук тексти бар эле, аягына колун коюп коюптур. Агай Эрмекке берген экен, ал мага берген. Катып койгон элем, үйдөн эле жоголду”.

Мына ушундай кызыктуу баяндан кийин мен “Алмашым” чындап эле Алмаш Төлөмбекова байбичеге жазылса керек деп ойлоп калдым. Бир жолу ушул байбиче жөнүндө угуп, ал жөнүндө жазайын дегем. Бирок, белгилүү журналист Баратбай Аракеев агайга айтсам, ал белгилүү  журналист,  маркум Бөкөнбай Боркеевге телефон чалды. Ал киши “Алмашым” акын Алмаш Чойбековага жазылса керек деген пикирди айтыптыр. Мен ошо менен Алмаш байбичеге жолугууга барбай калгам. Кийин акын, журналист Бурулкан Карагулованын фейсбук баракчасынан “Алмаш Чойбекова эжени мен бала кезден бери билем. Мендей эч ким билбейт. Рыспай агай ырдаган “Алмашым” деген ырга эженин эч тиешеси жок” деп так кесе айткан сөзүн окуп калдым. Жети-Өгүзгө барышымдын себеби дагы ушул бир сүйлөм болду.

Алмаш апа менен жолугуп, жолдо катар ар нерсени ойлоп келдим. Чын эле, ал Рыспайдын Алмашына окшошот деп коем. Сураштырып, ал кезде Алмаш деген ат деле өтө популярдуу эмес экенин билдим. Демек, Алмаштар анча көп болбогон чыгар. Өзгөчө, мурда көрүнүп жүрүп, анан кайда кеткенин жашырып, кыздын баарын сүйгүзгөн улуу таланттан качкан Алмаш аттуу кыз биздин каармандан башка болбосо керек деп коём. Балким, көңүлүнүн түпкүрүндө аздектеген кыялы, бир келчү бакытын издеп жүргөндө, белгилүү акын Жолон Мамытов сөзүн жазган кадимки даңазалуу «Издейм сени» деген обону Алмаш апага жазылгандыр деген ой да келди. Балким, алп талант андан качып, жанына жолотпогон кызды туура түшүнүп,

Элге жаксын сен иштеген иштериң,

Эмне деймин, башка сөз жок, Алмашым.

Жарк деп дайым жанга сүйкүм мүнөзүң,

Жазгы гүлдөй жакшынакай жайнашың,-деп, өз турмуш жолун улагандыр. Ким билсин. Аны бир Кудай, бир Рыспай билет. Ошентсе да, бул ырдын тарыхы көлдүн кичинекей айылдарынын биринде жашап, өмүр кечирген апанын тагдырына өтө эле жакын экен.

 Жумагүл БАРКТАБАСОВА

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here