Мьянмадагы абал кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында кайчы пикир жаратып, бир топ чуу салды. Дүрбөлөңгө эмне себеп болду? Кыргызстанга кооптуулук жаратпайб Акыркы бир нече күн бою Кыргызстандагы интернет колдонуучулар арасында Мьянмадагы мусулмандар атайылап жок кылынып жатат деген доомат менен толкундоолор жаралды.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги адистерге кайрылып, алар соцтармактарды чыңалткан жагдай боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Окуянын башталышы

Мьянманын куралдуу күчтөрү Ракхайн штатын жергиликтүү ЖМКлары «бенгалдык террорчулар» деп атаган ислам согушкерлеринен тазалоо операциясын жүргүзгөн. Былтыркы жылдан бери согушкерлердин акциялары, алардын артынан эле күч органдары аларга жооп берип келген.

Люди из народности рохинджа обедают во временном лагере в Кокс-Базаре, Бангладеш
© REUTERS / MOHAMMAD PONIR HOSSAIN
Мьянманын мамлекеттик ЖМКларынын билдиргенине караганда, акыркы күндөрү Ракхайнда 400 адам каза тапты

Мьянманын мамлекеттик ЖМКларынын билдиргенине караганда, акыркы күндөрү Ракхайнда 400 адам каза тапты. Алардын 30у аскерлер менен полиция кызматкерлери болсо, калган 370и рохинджа элинен чыккан ислам согушкерлери.

Расмий маалыматтарга таянсак, акыркы бир жуманын ичинде Ракхайндан качып Бангладештин чек арасынан 60 миң адам өтүп кетти. Бирок Рейтер агенттиги 90 миң качкын тууралуу жазууда.

РИА Новости сайтында айтылгандай, рохинджа эли XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында британиялыктар Ракхайнга алып келген этникалык бенгалдыктар болуп эсептелет. Болгондо дагы алардын бир бөлүгүндө гана Мьянма жарандыгы бар. Жергиликтүү бийлик аларды Бангладештен келген мыйзамсыз мигранттар деп кабыл алат.

Люди из народности рохинджа проходят рисовые поля после перехода бангладешской границы
© AP PHOTO / BERNAT ARMANGUE
Ракхайнда мусулман динин карманган рохинжалар менен буддизм динин карманган бирмалыктар (Мьянманын мурдагы аталышы) ортосунда кармаш ондогон жылдардан бери жүрүп келе жатат

Мьянмадагы бийлик алмашып, демократиялык реформалардын башталышы менен каршылашуу кайрадан күч алды.

Алды-артын карабаган «беш өрдөктөр»

Kyrgyz Fake группасынын негиздөөчүсү, журналист Болот Темировдун айтымында, Мьянмадагы окуялар боюнча маалыматтарда бири-бирине туура келбеген учурлар көп. Анткени бийлик маалыматты ар тараптан бууп салууга аракет кылгандай элес калтырып, өлгөндөрдүн саны боюнча расмий жана бейрасмий маалыматтар бири-бирине коошпой жатат.

Создатель группы Kyrgyz Fake в Facebook, журналист Болот Темиров
Журналист Болот Темиров

«Айрым адамдар бул кырдаалды диндер аралык деңгээлге чыгарып жатышат. Ислам гана эмес, буддизм террорчулары дагы бар дегенге чейин жетишүүдө. Менин оюмча буга айрым адамдар жоопкер. Ислам же будда террору тууралуу айтуу туура эмес, мунун артында анык бир адамдар турат», — деди Темиров.

Анын айтымында, соцтармактардын кыргыз сегментинде фэйк сүрөттөр көп колдонулуп, кырдаалды ар тарапка бурмалап ийген учурлар кездешүүдө.

«Менин оюмча дүйнөнүн ар тарабында болгон окуялардагы үрөй учурган сүрөттөрдү жана видеолорду жыйнап турган атайын бир борбор болсо керек. Бир күн бою атайылап бардык постторду карап отурдум. Материалдардын 90 пайызынын Мьянмага эч тиешеси жок Афганистан, Боливия же Африка мамлекеттериндеги сүрөттөр экени билинди», — деди Темиров.

Ал муну менен кошо акыл-эс үчүн күрөш жүрүп жаткандыгын, анткени эмоцияга алдырган учурда кишинин маалыматтарды ылгап кабыл алуу сезими мокоп каларын жана айтылган ар кайсы сөздөргө ишене берерин айтты.

«Бул маалыматтык согуш ар кыл максатты көздөшү мүмкүн. Мунун кимге керек экендигин 100 пайыз так айта албайм. Бирок жагдайды экстремисттик маанайдагылар колдонуп кетиши мүмкүн экендигине толук ишенип турам. Кыргызстандын да буга чейин акыл жана эс үчүн бир нече маалыматтык согушка катышкан жайы бар», — деп түшүндүрдү ал.

Мьянмадагы окуя Кыргызстанды бөлүп-жара алабы?

Окуялар тууралуу айтылгандардан маалыматтык согуштун элементтерин байкоого болот. Мындай пикирин «Акыл-эстүү чечим» аналитикалык борборунун директору, эл аралык мамилелер боюнча адис Эсен Усубалиев билдирди.

Ал диндер жана конфессиялар аралык чыр тууралуу кадимкидей эле чагымчылдык жүрүп жатат деп белгиледи. Адис окуялар 2012-жылдан тарта башталгандыгын, бирок бул тууралуу жакынкы аралыкка чейин эч ким ооз ачпагандыгын кошумчалады.

Кандидат исторических наук, директор аналитического цента Разумные Решения Эсен Усубалиев. Архивное фото
«Акыл-эстүү чечим» деп аталган аналитикалык борбордун директору, эл аралык мамилелер боюнча адис Эсен Усубалиев.

«Бул тукум курут кылуубу же жокпу, ага эл аралык сот баасын бериши керек. Андыктан эксперттерди бул окуяда геноцид сөзүн колдонуудан алыс болууга чакырат элем. Бул барып эле өлкөдөгөлөрдү жана мусулман коомчулугун козутууга алып келет. Менин баамдаганыма караганда, маалыматтык чагымчылык Сириядагы өкмөттүн бийлиги калыбына келип жаткан учурга туура келип жатат. Бул Түштүк Азияда, тагыраагы Кытайдан анча алыс эмес жерде жаңы чатакты баштоого ыңгайлуу болуп турат. Мен жеке пикиримде бул жерде геосаясат болуп жаткандыгын четке какпайм. Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи», — деди Усубалиев.

Ошону менен катар эле эксперт бир катар постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинен Кыргызстанда да ички көйгөйлөргө кадалган көңүл сырткы чыр-чатактарга кошулуп кетерин эске салды.»Чынын айтканда элдин көбү Мьянма кайда экендигин жана ал эмне менен байланыштуу экендигин деле биле бербейт. Карай салайын десе, объективдүү маалымат жок болгондуктан, ызылдай башташат. Бул кооптонууну жаратып, коомчулуктун бөлүнүп-жарылышына алып келет. Ислам жамааты болгон мусулман бөлүгү бир жагын алса, светтик жагы башка жагына оойт. Босогобузда шайлоо турат, андыктан коомчулуктагы чыр-чатактын бизге кереги жок», — деди директор.

Социалдык тармактарга бөлүшүү керекпи

Темировдун айтымында, резонанс жарата турган материалдарды сөзсүз түрдө текшерүү зарыл.

«Калп маалыматтарды таркатуудан алыс болуп, жаңылыктын булагын текшерип алган оң. Мисалы мен «Талибандын» маалымат кызматынын таркаткан кабарына абдан таң калгам (бир катар колдонуучулар рохинжага жардам берүү үчүн уюмдун согушкерлери жолго чыкканы жөнүндө маалымат менен бөлүшкөн)», — деп адис белгиледи.

Ал ошондой эле фэйк аккаунт колдонгон адамдын жаңылыгын бөлүшүү менен аны арбытып жиберүүгө кол кабыш кылып жатканыбызды белгиледи.

«Адамзатын коргоо урааны менен айрымдар жапайы жандыкка айланып калды. Таш менен уруп өлтүрүүгө чакырык жасаган адамдар, айткылачы, сүрөттөн, видеодон көрсөтүп жаткан зөөкүрлөрдөн силердин эмне айырмаңар бар? Силер деле ошол ишти кылууга даяр болуп жатпайсыңарбы. Согуштун себеби унутулат. Ал эми өлүм менен кыйроолор түбөлүк эсте калат. Тынчтык үчүн күрөшкүңүз келсе, жаңы согушка үндөбөңүз!» — деди Темиров.Усубалиев болсо эгер маалыматтын тактыгынан күмөнүңүз болсо, аны менен такыр эле бөлүшпөй коюу керектигин билдирди.

«Кыргызстандыктар араб дүйнөсүндө болгон башка көйгөйлөргө мынчалык активдүү пикир билдирген эмес. Палестина конфликтисине эмнеге мынча күйүп-бышкан жокпуз? Ал Мьянмага салыштырмалуу өтө эле оор эмеспи», — деп Усубалиев белгиледи.

Эки эксперт тең мындай жагдайларга кылдаттык менен мамиле жасоого чакырды.

Булак: спутник

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here