«Менин жарашыктуу эле келбетим бар болчу, качан башка районго көчүп, жаңы мектепке киргенде классташтарым мени шылдындап, бир аз арыктап албайсынбы дешти. Мен анда 62-65кг, боюм 172см болчу «-деп астаналык кыз казак ЖМКларына маек берген.
«Башында таттуулардан жана камыр тамактардан баш тартып 58кгга чейин арыктагам. Арыктаганым өзүмө аябай жаккан. Эгер мен ашканага кирсем классташтарым кайра эле мени карап күлө беришчү. Диетаны таштагымда кайра эле салмак коштум, ошондон кийин мен чөйрөмдүн айынан психологиялык анорексияга чалдыктым«-дейт.
Бир жума бою суу же кефир ичип, кээде 50гр тооктун этин жана эки жумада бир 100гр гречка жеп диета кармаган.
Учурда Астанылык кыздын ден- соолугун калыбына келтириш үчүн атайын специалисттер иштеп башташкан.