Тарыхый архитектуралык эстелик катары жеке эле Нарын облусунун эмес, бүтүндөй Кыргызстандын сыймыгы болгон Ат-Башы өрөөнүндө жайгашкан Таш-Рабат кербен сарайын көрүүнү каалаган туристтердин саны жылдан жылга көбөйүүдө. Атагы алыска аңыз болуп угулган 15-кылымга таандык бул уникалдуу курулушка баш баккан адам анын ары купуялуулугуна тан берип, тарыхый таржымалына кызыкпай койбойт. Таш-Рабат кербен сарайы Нарын шаарынан 110 км, райондун борборунан 90 чакырым алыстыкта, Бишкек-Торугарт жолунун түштүк жагында Ат-Башы кырка тоолорунун арасындагы деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктиктеги Кара-Коюн капчыгайында жайгашкан.

Таш-Рабаттын архитектуралык курулуш ыкмасы татаал, эстелик дээрлик чарчы келип, узундугу 34,8 м,туурасы 32,4м. Көк, жашыл, кызгылтым түстөгү бирдей жалпак таштардан тоо бетиндеги жасалма аянтка төрт тарабынан дүйнө багытын каратып салынган. Маңдайкы бети чыгышты карайт. Пайдубалынын тереңдиги 0,2 — 2 м. келип, уюлма топурак катмарга кирип турат. Бүтүндөй бет маңдайын, дарбаза-эшик түркүктөрүн кыдырата таш тектирче өтөт, анын туурасы 0,65-0,85 м, бийиктиги 0,6-0,8 м. Жергиликтүү калктын айтымында, эстеликте 40-41 бөлмө бар.

Чоң коридорунун эки жаккы четинде, ортоңку залынын төрт дубалын кыдырата жана башка имараттары менен коридорлорунун бир топ жеринде да таш тектирче жайгашкан. Чоң коридору менен залынын астына кесек жалпак таш төшөлгөн, калган имараттары менен коридорлорунун асты жер. Имараттарынын планировкасы жана өлчөмү боюнча алып караганда, 9-бөлмө бөтөнчөлөнүп турат. Ал тегерек чатырлуу имарат. 20-бөлмөнүн өлчөмү ушул убакка чейинки белгилүү өлчөмдөн кыйла ашыктык кылат, ага ортоңку залдан 19-бөлмөнү аралап кирет. Эстеликтин планы менен өлчөмүндөгү ушундай туура келбестиктер анын башка бөлүктөрүнө да мүнөздүү. Залынын алдынан 23 жана 27 бөлмөлөрдөн чопо толтурулган ороолор табылган. 27-бөлмөдөгү ороо сүйрү тартып кетет, анын диаметри 0,9 м жана тереңдиги 2,7 м. 23-бөлмөдөгү ороонун тереңдиги 4,2м диаметри 1,2м бирок али түбүнө чейин тазаланып бүтө элек. Ушул эле имаратта өлчөмү 0,95 же 0,83м. келген чарчы тешиктүү жертөлө бар. Залдын ортосунда же 18-бөлмөдө кичине ороо бар. Ал ортосу тешик, чарчы жалпак таш менен жабылган. Ороону тазалаганда карапа идиштин сыныктары, жаныбарлардын сөөктөрү чыккан. Карапалар X-XII кылымга таандык, кооздолгон эмес, Имараттын айланасын казган кезде да ушундай карапалар чыккан. Ошону менен бирге эле ороолордон жана курулуштун айланасынан X-XII жана XIII кылымга мүнөздүү, жашыл, күрөң жана кара-көк сыр менен кооздолгон бир нече карапа сыныктары табылды. Бөлмөлөрдү тазалаган кезде алардын айрымдарынан X-XII кылымдардагы сырдалып кооздолгон жана кооздолбогон 20дай карапа сыныктары чыккан. Ошону менен катар кийинки орто кылымдардагы жергиликтүү эмес, кооздолбогон керамика да табылган. Мында 19-бөлмө томпогой чатырлуу. 11-бөлмө жантык чатырлуу, бирөө жалпагынан чоң таш такталар менен жабылган. Төбөсүндө жана жандарында жарык кире турган оюктары бар. Коридорлордун жана тик бурчтуу бөлмөлөрдүн жантык чатырлары курбу-курбу болуп кетет да, ар курбусунун кеңдиги 0,85 м келет, алар кырынан жана жалпагынан таш плиталардан кураштырылган. Курулуштун тегерек чатырлары менен дубалдары ар кыл кырчоо аркылуу бири-бирине туташтырылат.

Курулуштун ички планировкасы, бөлмөлөрдүн жана эшик оюктарынын өлчөмдөрү кооз жасалгаланган. Орто кылымдарда Улуу Жибек жолунда Таш-Рабат чеби кербен-сарайдын кызматын аткарып, соодагерлер менен саякатчылардын дайыма токтоп өтүүчү жайы болгон. Таш-Рабат ошол алыскы мезгилде Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда жайгашкан. Мергенчилер менен малчылар үчүн бул таш сарай адаттан тышкары курулуш болуп, ал жөнүндө ар кандай байыркы уламыштар айтылган. Айрымдары Таш-Рабаттын курулушу орто кылымдын акырына туура келет дешсе, башкалары муну 10-11-кылымдарда курулган христиандык несториандык монастырдын урандылары деп айтышкан. Таш-Рабат жөнүндө биринчи жолу XVI кылымдын экинчи жарымында Мухаммед Хайдардын эскерүүсүндө баяндалат. Эстеликти ал 1408-1416-жылдарда Могулстанды башкарган Мухаммед-Хандын буйругу менен курулган деп жазган. Ал эми көрүнүктүү илимпоз Ч. Валиханов Кашкардан кербен менен келатып, 1859-жылы Таш-Рабатты көргөн. Анын эмгегинде эстелик жөнүндө: «Имарат чополуу сланец жалпак плита таштардан курулган, узундугу 12, туурасы 7 саржанча келет. Узун коридорду улай тегерек зал (радиусу 5 кез), үстү айдөш тоголок болуп кетет. Коридордун капталдарында кичинекей жана жапыз эшиктери бар, алардан чарчы жана сүйрүлжүн чакан бөлмөлөргө өтөт. Бул имарат бир кезде сыртынан да, ичинен да шыбалса керек» деп маалымдалган. 1878-жылы А.М.Фетисов Таш-Рабатка келип, ал жөнүндө кызыктуу макаланы жарыялаган. Ал аны кербенчи менен жолоочулар акысыз түнөп өтүүчү «Сапар мейманканасы» сыяктанат деп эсептеп, Чымкенттен Ташкентти көздөй кеткен жолдун боюндагы рабаттарга окшоштугун белгилеген. 1886-жылы доктор Н.Л.Зеланд Таш-Рабатты изилдеп, кербен-сарай эмес, диний курулуш болуп саналат деп божомолдогон. Эстеликтин сүрөтүн кагазга тартып алган. Сүрөттү кийин Ташкент шаарындагы археологияны сүйүүчүлөрдүн Түркстандык ийримине берген. 1944-жылы Таш-Рабатты А.Н.Бернштамдын жетекчилиги астында Тянь-Шань-Алай археологиялык экспедициясы иликтеген. 1950-жылы анын «Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери» аттуу китеби жарыкка чыгып, анын бир бапы Таш-Рабатка арналган. Ал баптын негизине Н.Н.Пантусовдун материалдары келтирилген. Ал эстеликти кербен сарай деп эсептөө менен бирге имараттын архитектурасына көчмөндөрдүн күчтүү таасири тийгендигин айткан. «Таш-Рабаттын жабуусун карап турганда, — деп жазган ал, -өзүнчө бир жасалгалуу боз үйдү тегеректеген, көчмөндөрдүн таш болуп катып калган айылы сыяктанган элес көз алдымдан кетпей калат». 1952-жылы Р.А.Пугаченкованын Таш-Рабат жөнүндөгү макаласында курулуш эстелиги XV кылымдын экинчи, үчүнчү он жылдыгында курулган мечиттүү кербен сарай болгон деп эсептейт. Ал эми Б.Н.Засыпкин «Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери» (1955) деген кол жазмасында 1940-жылы аны ченеген архитекторлордун маалыматтарына таянып, мурдагы изилдөөчүлөрдөй эле ал дагы эстеликти XV кылымдагы кербен сарай деп эсептейт. Таш-Рабатты 1978-1980-жылдары Кыргыз ССР маданият министрлигинин илимий реставрациялоочу өндүрүш мастерскойлору эстеликти калыбына келтирүү максатында архитектуралык-археологиялык жактан кеңири изилдеген. Сексенинчи жылдардан кийин ага ар түрдүү өлкөлөрдөн туристтер тынбай келе баштаган. Жергиликтүү эл арасында Таш-Рабаттын жаралышы боюнча ар түрдүү уламыштар айтылат. Алардын биринде “Таш-Рабатты атасы менен уулу курган. Курулуш аяктап калган кезде, куполго гана акыркы ташты коёордо, алыстан кербен көрүнөт. Уулу ишин таштап коюп, ким келе жатканын карап көргөнү жөнөйт. Атасы болсо: “адегенде жумушту бүтүр, балам!” – деп айтат. Уулу укпастан кете берет да, кайра ошол бойдон кайрылып келбей калат. Көрсө, кербен менен кошо айчырайлуу сулуу кыз келе жаткан болот. Таш-Рабат ошол бойдон жабуусу жок турат”. Ал эми дагы бир уламышка кайрылсак, ошол жерде бир хан жашаптыр. Күндөрдүн биринде хан өзүнүн байлыгын хандыгын эки баласынын кимисине калтыраарын билбей, “элдин жакшы жашоосу үчүн бир жакшы иш жасагыла, кимиңердин жасаган ишиңер жакшы болсо ошого хандыкты берем” деп тапшырма берет. Балдарынын улуусу “эл үчүн душмандан коргогон чеп керек” деп Таш-Рабатты курдурат, кичүү уулу элдин кат-сабатын жойгонго, жерди иштетүүгө, соода жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл бурат. Хан кичүү уулунун эмгегин баалап, хандыгын берет. Ал эми Таш-Рабатты курдурган баласынын эмгеги анчейин бааланбаган дешет. Бүгүнкү күндө Таш-Рабатка келген туристтер андан ары Кыргызстандагы кооз көлдөрдүн бири Чатыр-Көлгө сапар тартышат.

Автор:Гүлзада Турдалиева.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here