Президент Алмазбек Атамбаев: «Эски саясатчыларды өзүм менен чогуу ала кетем, жаштар өлкөнү өнүктүрөт», —  деген сөзүнүн өтөөсүнө чымай болду. Мына Сапар Исаков башында турган жаңы өкмөттүн курамын дээрлик көбүн жаштар түздү. Башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, Улуттук банктын жаңы жетекчиси Нурбек Жеңиш, президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов айтор баардык негизги чечүүчү жогорку кызматтарга жаштарды алып келди. Жанар Акаевди депутат кылды. Кадыр Токтогуловду Америкага элчи кылып жиберди. Айтор, жаштардын өсүшүнө аябай көңүл буруп, мүмкүнчүлүк берди.  Эми ишти жөндөп кетиш жаш кадрлардын өзүндө…

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here