Голландиялык окумуштуулар аялдар эркектерге салыштырмалуу жарым жыл көп жашай турганын аныкташкан. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги Тилбург университетинин иликтөөсүнө таянуу менен жазып чыкты.

Эксперттер 1986-жылдан 2016-жылга чейинки аралыкта көз жумган 96 жаштан аша өмүр сүргөн 75 миңден ашык кишинин турмушун анализдешкен. Ага ылайык окумуштуулар эркектердин эң узак жашы 114 жаш деп белгиленсе, аялдардыкы 115,7 жашты түзгөн.

Ошондой эле акыркы 30 жылда эң узак жашоо образы өзгөргөн эмес. Мындан улам окумуштуулар адам баласынын эң жогорку жаш курагы аныкталды деген пикирде.

Ал ортодо карылыкты изилдеген институттун биологу Бак Эрик Вердин карылык оору экенин айтып, жакында аны дарылоого мүмкүн боло турганын айткан. Анткен менен ал адам баласын өлбөс кылуу мүмкүн эмес экенин баса белгилеген.

Булак:Спутник

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here