5-сентябрда Кыргызстан менен Мьянманын футболчуларынын беттешпей калышты Мындай чечим террордук жардырууларды алдын алуу максатында премьер-министр Сапар Исаков тарабынан кабыл алынганы маалым болду.
Футбол боюнча Азия Кубогу үчүн Кыргызстан менен Мьянманын курама командаларынын тандоо оюндарынын үчүнчү туру башка учурга жылдырылгандыктан, КРнын футбол федерациясынын Президенти Семетей Султанов матчты алмаштырган кылыгы үчүн Кыргызстан кандай жаза аларын айтты:

“Азыркы учурда биз Азиянын футбол конфедерациясы жана ФИФАнын жетекчилиги менен байланышып жатабыз, Мьянманын футбол федерациясы менен оюнду башка датага жылдыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Албетте, санкциялар болот. Бирок ал нерсе бизге али белгисиз.

Биз минималдуу санкцияларды күтүп отурабыз. Бул көп болсо техникалык утулуш болот. Бирок оюнда башка мисалдар да бар. Бирок ар кандай учурлар болот. Мисалы, Кувейтти футболдук картадан оолактатып салышкан. Бул команда эми минтип үч жылдан бери оюнга катыша албай келе

Азыр биз Мьянманын Федералдык футбол клубу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгерде алар оюнду жылдырганга макул болушса, бир санкция эле болот. Акыркы чечимди АФК жана ФИФА чыгарат.

Матч башка күнү ойноло тургандыгы эки федерациянын сүйлөшүүлөрүнө жана АФКнын чечимине көз каранды.

Эгерде бизге матчты кайра ойногонго уруксат беришсе, биз Мьянма курамасынын бардык чыгымын төлөп бергенге даярбыз. Биз ойногубуз келип жатат. Бул матч биз үчүн абдан маанилүү.

Сүйлөшүүлөрдөн оюндун кайсы өлкөдө өтөрү, убакыт-сааты чечилет. Кыргызстан – Мьянма беттешүүсү Борбордук Азияда өтпөйт. Бул өлкө диний маселелерден алыс өлкө болушу керек”, — деди СеметейСултанов.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here