-Жазуучулардан макал-лакап, салт-санааны жакшы билген, эң көлөмдүү роман, арифметика боюнча бир окуу китебин жазган (1932-ж. чыккан “Эсепти чыгаруу жолдору жана бөлчөктөр” деген китеби математика боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы китептерден), артист, эң чыдамкай (темир ядро мурдуна тийип жалпайып калган мурдун карандаш менен өзү түзөтүп алганы, буту кызыл ашыгынан чыгып кеткенде бутун казыкка байлап силкип ордуна келтиргени айтылып жүрөт) жана уста да болгон Касымалы Жантөшев. Анын усталык өнөрү жөнүндө акын Эрнис Турсунов төмөнкүчө жазат: “Касыкеңдин балконунда же кампасында дайыма сүрсүгөн чүйгүн эт илинип турганын көрчүбүз. Атасы баба дыйкан болгондуктанбы, кыргызга керектүү аспаптар: чоткерки, орок, бүлөө, өгөө, кайрак, чарапзал, аттиш, кычкач, балка, көзөө салынган көмүркөйү да болор эле. Ал ат жабдыктарын жасачу: жүгөн, басмайыл, куюшкан, камчы өрчү. Машина тикчү, маасы ултарчу. Койдун ичегисинен комузга кыл сыдырчу. Жыгач да кармачу”

(ЛЖ, 1989, 25-ноябрь)

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here