Клип Ысык-Көлдөн жана Бишкек шаарларында тартылган

Болливуддук ырчы Анкит Тиваринин Кыргызстандан тартып кеткен «Ар дайым сен» аттуу клиби жарыкка чыкты. Бул тууралуу клиптин жардамчы режиссеру Замир Жашасын уулу билдирди.

Анын айтымында, Индиядан келген чыгармачыл топ клипти Ысык-Көл, Бишкек жана «Ала-Арча» эс алуу паркынан тартышкан.

«Башкы ролдо ойногон Адити Арья аттуу кыз 2015-жылы «Индия сулуусу» наамын жеңип алган. Режиссер Сидхант Сачдеге Кыргызстандын жаратылышы аябай жагып, кийинчерээк да тасма тартуу үчүн келерин айтты. Ошондой эле башка индиялык режиссерлор да Кыргызстанга кызыгып жатышыптыр», — деди Жашасын уулу.

Алар Кыргызстанга ушул жылдын 8-августунда келип бир жума жүрүшкөн.

Булак:Спутник.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here