Чагылган: АКШдынын Иллинойс штатынынын 41 жаштагы тургуну Селиса Хеннинг жана анын 6 жаштагы эгиз кыздарынын өз үйүнөн сөөгү табылган. Полициянын маалыматы боюнча энеси алгач кыздарын атып салып, анан өзүн да атканын Daily Mail басылмасы жазып чыккан. Жарык дүйнөдө болгону 6 гана жыл жашашкан эгиз кыздардын атасы мыкаачы энесине 10 жыл мурун үйлөнгөн. Кошуналардын баары аны балдарга идеалдуу эне болчу деп эсептешчү. Ошол каргашалуу күнү кыздардын атасы сантехникалык жумуштарды кылып башка жакта жүргөн. Ал үйүнө  ошол күнү кечке чалып, ала албай койгон.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here