Чагылган: Лондондо иштеген Австриялык  20 жаштагы модель Джазз Эггер, модель бизнесинде жүрүшкөн сулуу кыздардын кантип байып, кантип акча табышарын ачык айтты.

Ал: «Модель бизнесинде бирге иштеген кыздар бай адамдардын жөнөкөй эмес жыныстык катнаш  сунушуна макул болушуп, миллион доллар табышат. Мага өткөн жылы Лондондо түнкү клубдагы оюн-зооктон кийин адаттан тыш ишти сунуш кылышкан. Миллионер адам мага яхтада бир түн болууну сунуштады. Бирок мен ал сунуштан баш тартым. Ошондон кийин агент болуп иштеген адам мага атактуу актёр менен түшкү тамакка бирге барууну суранды. Дагы бир агенттиктен Ирандан келген жаш шериктеши менен жолугуу үчүн  150 миң доллар төлөп берерин айтты. Кээ бир модель кыздар бир түндүк секс үчүн 2 миллион доллар алышат. Бул ишке моделдик агенттиктер да жардам беришет. Себеби, алардын да кызыкчылыктары бар. Кыскасы, модель бизнесинде арам иштер, туура эмес  жоруктар көп. Мага була жакпайт, мен өзүм каалаган адам менен гана секске барышым керек. Мен бул бизнестен кетип, бул бизнес тармагын тазалоо үчүн аракет кылам. Бирок бул тазалоо иштерине кылым убакыт кетээр. Ошондой болсо да бул модель бизнесинин ушундай арам экенин кызыккан кыздарга ачык айтышыбыз керек» — деп Лондондун журналына ачык интервыю берген. Албетте, арам иштерди ушинтип, ачык айткан жакшы эмеспи. Бизде деле бир топ  сулуу кыздарыбыз молделдик бизнесте жүрүшөт, жарым -жылаңач сүрөткө түшүп, ар кандай кеп -сынга калышып…

Алар деле бул чөйрөдө булганыч, арам иштер бар экенин билишет. Айрымдары аны ачык айткылары келишер, бирок айта алышпайт. Андыктан, кыздарыбызга ыйман тилегенден башка айта албайбыз.

20 жаштагы модель Джаз.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here