Бердибек Жамгырчиев, акын:

-Менин Элмира эжекеме деле «Эмгек сиңирген артистка»,-наамын берсеңер болмок өз убагында, 15 жылдан деги ашты эле чыгармачылыкта тытынып иштеп жүргөнү, аткарган ырлары ар бир адамдын жүрөгүнө коргошундай уючу эле го, абдан ичим ачышып калды…
Элмира эжемди акыркы сапарга узатуу митингинде окуган коштошуу ырым, бул менин сизге ыр менен койгон эстелигим болсун эже…!

Жан дүйнөнүн жаралуу түпкүрүнөн
Жан чыдагыс азалуу добуш чыгып.
Өмүр дарак күбүлдү бүт гүлүнөн,
Күтүүсүздөн колдогу комуз сынып.

Жаркып турган жашоонун күнү батты,
Кубулжуган булбулдун тили катты.
Гүлдөп турган өнөрдүн өрүкзарын,
Жылдызы жок ажалдын түнү жапты.

Ачуусу көп турмуштун таттуусунан,
Азабы көп турмуштун шаттуусунан.
Толкунунан кайгылуу кайрык чыгып,
Көл айрылды кечээги аккуусунан.

Ар бир кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Адам жанын толкутуп козгоп сайрап.
Жүрчү элеңиз кыргыздын бак шагында,
Кеттиңизби ажалды болжоп сайрап.

Карек толду жаштарга токтобогон
Жан жок азыр сизди эстеп боздобогон,
Жапжаш кеткен жаныңа ичим күйөт,
Жаштыгыңыз жаштыкка окшобогон…

★ ★ ★ ★ ★ ★ ★ ★

Ырдашың өткөндү эске салып,
Ыйлаймын ал күндөр четте калып.
Буулуктук булбулдай сизди жоктоп,
Буйруксуз өмүрдү жектеп алып.

Айлыңда адашып күүгүм калган,
Ааламда бүтпөгөң сүйүүң калган.
Ал сүйүүң арманга айланганбы,
Ажалын издеген үрүл таңдан.

Эжекем булбулум ай,
Эрте учкан кургурум ай.
Бул таңда үнүң таппайм,
Тез кеттиң неге мынча ай,
Булбулум булбулум ай…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here