Чагылган: Бул тууралуу Washington Times гезити жазып чыкты. АКШнын 1950-жылы кабыл алынган мыйзамына ылайык мамлекетти башкарышкан президенттердин пенсиясы аз эмес өлчөмдө көрсөтүлгөн. Маселен, бул өлкөнү 1977-1981-жылдары башкарган, учурда 93 жаштагы экс-президенти 456 миң, дагы бир экс-прездинет Жорж Буш 942 миң доллар алат. Ал эми 2018-жылдан тарта америкалык салык төлөөчүлөр Барак Обаманын пенсиясы үчүн 1,15 миллион доллар төлөй турганы маалым болду. Бул каражат экс-президенттердин пенсиясы гана. Мындан тышкары, алардын коопсуздугуна, кайтарууга да ондогон миллион каражат сарпталып келет…