Чагылган: Генерал-полковник Абдыгул Чотбаевдин жол кырсыкка кабылганы маалым болду. Кийин Чотбаевдин машинесин алдынан жеңил унаа чыга калгандыгы, анын кесепетинен 2 адам каза таап, 7 адам ар түрдү жаракат алгандыгын милиция билдирген.  Чотбаев башкарып келаткан «Тойота Ленд Крузер» Токмок-Бишкек жолунун 35 чакырымында жеңил унаа менен кагышкан. «Тез жардам» Чотбаевди Кант шаардык ооруканасына алып кеткен. Анын сөөктөру сынып кеткендиги айтылууда. Чотбаев Улуттук гвардиянын биринчи кол башчысы. Учурда «Мегакомдун» Коопсуздук кызматын башкарат. Чотбаев бул кырсык тууралуу: «Мен өз жолум менен келе жаткан элем, каршы жактан болжол менен 10-15 метр аралыкта жеңил унаа чыкты. Анан кырсык болуп кетти», — деп билдирген болчу.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here