Чагылган: БШК бүгүнкү жыйында президент болууну каалап, документтерин тапшырган «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков менен легендарлуу парламенттин депутаты Казыбек Шайымбетовдун топтошкон кол тамгаларын жараксыз  деп табышты. Асанбеков бардыгы болуп 32 миң кол топтогон, текшерүүдөн кийин, анын 10 миңден ашыгы гана жарактуу болуп, калганы жараксыз деп табылган. Ал эми Шайымбетовдун топтогон  38660 кол толугу менен жараксыз деп табылган. Башка талапкерлер: Камчыбек Ташиев чогулткан  44223 жарандын кол тамгасынын 31258и,Талаатбек Масадыковдун 55440 топтогон 51 миңден ашууну,  Улукбек Кочкоров тапшырган 51391 жарандын кол тамгасынын 31 216сы гана жарактуу деп табылган. Ошентип, сүйлөсө тилинен чаң чыккан, убаданы укмуш берген Темирбек Асанбеков бул ирет 30 миң кол тамгасын да талапка ылайык чогулта албаптыр. Убара болбой, жөн эле жүрсө болмок экен, амбициясын жыйыштырып…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here