Микробдор сиздин үйүңүздүн кайсы жерлерин өзгөчө жакшы көрүшөт? Бул боюнча окумуштуулар атайын рейтинг түзүп чыгышкан. Алардын изилдөөсүнө таянсак, сиздин үйүңүздөгү микробдор өздөрүн ээн-эркин жана жайлуу алып жүргөн жайлар төмөнкүлөр.

1-орун. Ашкана тактайы

Кызыгы, ашканадагы азыктарды тууроочу жыгач тактайда унитаздын отургучуна караганда микробдор 200 эсе көп болот экен.

Эмне кылуу керек? Тактайды ар бир иштеткен сайын 5%дуу уксустун аралашмасы менен жууп туруңуз. 1-1,5 жылда бир жолу жаңысына алмаштырыңыз. Анан да сөзсүз түрдө эт туураган тактай менен жашылча туураган тактайыңыз эки бөлөк болсун.

 

2- орун. Компьютердин клавиатурасы

Компьютердин клавиатурасына жылына 100 граммдан 500 граммга чейинки чаң топтолот экен. Клавиатура сасык тумоонун вирустарын ташуучу болуп эсептелинет.

Эмне кылуу керек? Компьютердин мышкасын, экранын жана башка бөлүктөрүн күн сайын таза чүпүрөк менен сүртүп туруңуз жана өзүңүз да компьютерде иштөөгө чейин жана андан кийин колуңузду таза жууңуз. Ал эми клавиатурасын жок дегенде бир айда бир жолу ичтеринен бери тазалаңыз. Анан да компьютерде иштеп жатып тамактанбаганга аракет кылыңыз.

3-орун. Телевизордун пульту

Ал полго түшүп кетет, дивандын астында калып калат, аны жөтөлгөнү да, чүчкүргөнү да, кыскасы, ким телевизор көрсө, ошонун баары кармайт. Тилекке каршы, эч ким тазалабайт. Ушундан улам телевизордун пульту үйдөгү эң кир буюмдардын бири деп табылган.

Эмне кылуу керек? Телевизоруңуздун пультун маал-маалы менен спирт менен тазалап туруңуз. Мындан тышкары, колуңузду тез-тез жууп туруу менен өзүңүздү бактериялардан коргой аласыз.

4-орун. Идиш жууган губка

Губка – ашканадагы эң кир буюм. Айрыкча сиз аны менен ашкана тактайын жууп, андан соң дароо раковинаны, анын артынан эле чай ичкен столдун үстүн сүртүп койгон болсоңуз, ашканаңызда микробдор, бактериялар көбөйүп эле жатып калат.

Эмне кылуу керек? Губканы таза жууп, ным бойдон кичи толкундуу мешке салып коёсуз. Мешти жогорку кубаттуулукка коюп, бир нече мүнөт ысытасыз. Эгер губкадан буу чыга баштаса, бактериялар өлдү деп эсептеп, дезинфекцияны токтото берсеңиз болот. Бирок бул ыкманы металл бөлүкчөлөрү бар губкаларга колдонгонго болбойт. Мындай жол менен тазалагандан тышкары идиш жууган губкаңызды эки жумада бир жолу алмаштырып туруңуз.

5-орун. Ашканадагы раковина

Белгилүү болгондой, микроорганизмдер тамактын калдыктары менен азыктанышат жана нымдуулукта тез көбөйүшөт. Аларды толук бойдон жууп кетирүү да өтө кыйын. Ашканадагы дагы бир микробго бай жер – идиш жууган раковина.

Эмне кылуу керек? Ар бир идиш жуугандан кийин тазалоочу каражаттар менен раковинаны да жууп тургандан жалкоолонбоңуз.

6-орун. Сүлгү

Сиздер бет аарчыган бир эле сүлгүнү күйөөңүз, балдарыңыз болуп чогуу колдоносуздарбы? Эгер андай болсо, бул туура эмес. Стафилококк бактериялары дал ушул сүлгүнү чогуу колдонгондон тарайт.

Эмне кылуу керек? Сүлгүнү мүмкүн болушунча тез-тез алмаштырып туруңуз. Колдон келсе ар бир үй-бүлө мүчөсүнө өз-өзүнчө сүлгү бөлүп коюңуз.

7-орун. Тиш щёткасы

Ооз көңдөйүнүн былжыр челинин бир квадрат миллиметринде 100 миллионго чейин микроб жашайт. Биз тишибизди жууганда тиш щёткасы ал микроорганизмдерди өлтүрбөйт, өзүнө чогултуп алат. Микробдор менен кошо щёткага тишиңизге тыгылган тамактын калдыктары түшөт да, натыйжада, щётка бактериялардын эң сонун көбөйүшүнө ылайыктуу жайга айланат.

Эмне кылуу керек? Тишиңизди жууп бүткөн соң щётканы ысык суу менен жууп, кургасын үчүн стаканга башын өйдө каратып салып коюңуз. Текчеге жаткырып койсоңуз же футлярга салып койсоңуз кургабай калат да, микробдордун өсүшүнө ным жакшы шарт түзүп берет.

8-орун. Үй телефону

Азыр үй телефонун көп колдонбой калганыбыз болбосо, ал да микробдор эң көп чогулган буюм болуп эсептелинет. Ансыз деле телефондун түтүгүндөгү толгон микробдор сүйлөшүү учурунда түтүк нымдалышканда андан бетер көбөйөт.

Эмне кылуу керек? Телефонду тез-тез спиртке малынган кебез менен аарчып туруңуз.

9-орун. Таштанды чогултуучу чака

Ашканадагы таштанды чогулткан чаканын түбүндө тамак-аштын калдыктары калып калат. Алар көгөрүп, жагымсыз жытты бөлүп чыгарат. Андагы бактериялар адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизет. Аллергияга да жеткириши мүмкүн.

Эмне кылуу керек? Биздин таштанды таштаган чаканын пакетин алмаштырганыбыз аздык кылат. Андыктан, чаканы жок дегенде жумасына бир жолу атайын каражаттардын жардамы менен жууп, кургаткан соң кайра пайдалана баштаңыз.

10-орун. Кир жуугуч машина

Кир жуугандан кийин деле кийимдердеги көптөгөн микробдор өлбөй, кир жуугуч машинанын ичинде калып жашай берери далилденген.

Эмне кылуу керек? Бир айда бир жолу машинага кир салбай эле ысык сууга бир аз уксус же лимон ширесин кошуп айлантып туруңуз.

Булак: Леди кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here