Чагылган: Панфилов районунда ишкерлик менен алектенген адамдын үйүнө  ниети бузук, билгисиз бирөө   уруулук, же  чындап эле үй ээси ишкерди өлтүрүү максатында кирген. Бирок экөөнүн ортосунда эмне сөз болгону, же тааныш, же тааныш эместиги тууралуу азырынча маалымат жок. Кылмышккердин ишкерге курал такап турганын үйүнө  келаткан  (ишкердин) баласы  терезеден көрүп, атасына жардам берүү максатында  үйдөн курал алып чыгып, атасына курал такаган адамды аткан. Тилекке каршы, кылмышкер да колундагы курал менен ишкерди атууга жетишип калган. Кол салган адам дароо каза болгон. Ал эми ишкер ооруканага жаткырылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here