Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев чет элдик меймандардын алдында уят болбоо үчүн Чүй облусунун тургундарынан короосунун алдындагы аймактын тазалыгына көңүл бөлүүнү өтүндү.
«Бүгүн эртең менен биз апрель революциясынын баатырлары коюлган «Ата-Бейитте» куран окудук. Ал жерде биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөөгү жатат. Анын жанында Үркүндөн жана 1937-жылы репрессиядан курман болгондор жатышат. Бул жер тарыхый борборго айланды. Ошондуктан бул жерге жакын жайгашкан Таш-Дөбө, , Воронцовка, Арашан, Кой-Таш, Чоң-Таш жана башка айылдар үлгүлүү болушу керек. Мага таарынбагыла, кээде чет элдик меймандар менен келгенде уялам», — деди ал.
Өлкө башчы эртең менен үйүнүн жана короосунун алдын шыпырган Ош жана Жалал-Абад облустарынын кыз-келиндерин мисалга алды.
«Эгерде бул жерде мени келиндер угуп жатышса, алар дагы үйүнүн алдын шыпырышса жакшы болмок», — деп билдирди президент.
Өлкө башчы Россиянын президенти Владимир Путин менен, андан кийин башка чет элдик меймандар менен өтүп бара жатканда жолдо чар-жайыт жаткан желим бөтөлкөлөрдөн, желим баштыктардан ыңгайсыз абалга туш болгонун кошумчалады. Ал жергиликтүү тургундардан тазалыкка көңүл бурууну өтүндү.
«Жолдогу таштандыларды тазалап, тазалыкка өтөлү. Бул айылдар Кыргызстандын жүзү, себеби «Ата-Бейитке» туристтер келишет. Бир эле жаман калпак жашынакай кийинген адамдын кейпин бузуп койгондой, жолдогу чачылган таштандылар туристтин Кыргызстанга болгон бүтүндөй көз карашын өзгөртөт», — деди ал.
Булак:turmush.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here