Индиянын Тамилнад штатынын 12 жаштагы окуучу кызы мугалим урушканы үчүн өз жанын кыйган.
Себеби кыздын этек кири келип калгандыгына байланыштуу анын кийип жүргөн формасы булганып, отурган столго өтүп кеткен. 7- класста окуган кызды окуучулардын көзүнчө урушкан. Арданган кыз кошунасынын үйүнүн артына барып өз жанын кыйган.
 Ата энеси кыздын өлөөр алдында жазган катын таап алышкан. Анда «Мугалим мага  класстагы балдардын көзүнчө кыйкырды»-деп жазылган. Ошондон кийин ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда келишпесиктер чыккан. Учурда полиция кызматкелери иликтөө иштерин улантып жатат деп жазат Daily Mail басылмасы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here