-Дайым эле эдиреӊдеп чыга калып, кайра жалп өчкөн оттой болгон Бабанов бу сапар дагы жазгы өткүн жамгырдай токтоду. Бул бала дайым эле кыйкырып чыгып, “кыйратам, кетирем, жок кылам” деп, жанындагыларын дээликтирип алат. Ага ишенип кошоматчылары коштоп дуу кылышат. Мисалы, Тайырбек Сарпашевди кетирем деп аракет көрүп, кийин Жогорку Кеӊеште маселе көтөрүлүп добуш берүүгө келгенде тымпыйып отуруп берген. Чыныбай Турсунбековго бакылдап алып кайра кечирим сурап жалдыраганын айтыштын дее кажети жок. Эми, Сапар Исаковго каршы чыгып, Фейсбуктагы пиарчылары Исаковду шыбап, ага НТС, Санжыра кошулуп тескери обон созо башташкан. Кечээ, иш жүзүндө добуш берүү маалында Бабанов сыртка чыга качты. Эгер каршы добуш берсе “эр экен, жок дегенде аягына чейин каршы турду” демекпиз да? Жүрөгү түшүп качып кеткенден кийин “качкан жоону катын алат” дегендей, эми президенттик шайлоодо шансы такыр калбай калды. Ал тургай колдоп аткандар дагы “э мунуӊ жарабайт, ары жок неме экен. Сүйлөп алып кайра коркоктук кыла берет тура” дешип колдобой калышыптыр. Жанында кеӊешчиси, кой ай деп турчу аксакалдуу кишиси деле жок окшойт. Уят эле болуп жүрөт.
Өмүке, жигит болгондон кийин, жигитче жүрүш керек. Сөз бердиӊби аткар, аткар албасаӊ менде гардеробдо юбкалар көп, тандап кий!

Дариха Ишанова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here